fbpx

Келдибек ака

Өскөнбай Бердибаев, эскерүү

foto by Oskonbay Berdibaev

Баштан өткөн окуя же окурмандарга арналып жазылган сезимде калган бир элестер, жүрөгүмдүн кылдарын черткен кайрыктар, мен сүйгөн тоолорумдун шамалдары… 

Бүгүн асман чайыттай ачык. Мен койлорумду жайып, Кум-Коктуга жөнөдүм. Адатынча утурлай үрүп ” Барбос” атуу кара дөбөт чыкты. Койлор да көнгөн адатынча короого өздөрү жөнөштү. Кумдуу жердин куйкалаган күнү ысыганда, койлор дубалдын түбүндө көлөкөгө далдаланып жатышат.
Бул жалгыз там жана короо, бул үйдө жашаган Келдибек ака жана аялы Майсара эже жана уулу Жыргалбек. Мен ушул кишилердин эки жүзгө жетпеген кой-эчкисин кайтарам. Тээ тиги Аксуу дарыясынын жээгинде турган жалгыз домик менин үйүм, мен ошол жерде үй бүлөм менен жашайм. Суунун бою малга ылайыктуу, деп Жыргалбек ошол жерге бизди көчүруп келген. Ал эми бул Кум-Кокту кыштоо, дарыянын жээгинен үч-төрт чакырым аралыкта. Кээде койлорду жайганча келип, Жыргалбектин үйүнөн туз ж.б. керектүү нерселерди алып кетем. Көбүнчө Жыргалбек үйдө турбайт, Газ 52 машинасы менен отун жүктөп (паска) Мургапка кетет. Мен кой жайып келсем Келдибек ака аябай сүйүнүп, жетине албай кубанып калат.
Бул өрөөн зеригиштүү, ээн талаа эч ким жок. Дарыянын боюнда мен жана үй бүлөм, Кум-Коктуда (кыштоодо) Келдибек ака үй бүлөсү болду башка эч ким жок, кээде мал жан издеп же отун алганы эле бирөөлөр келбесе атайын, бизге эч ким деле келбейт.
Келдибек ака ак-көңүл, ичинде кири жок, бала кыял, меймандос, алтындай адам. Мындан бир канча жыл мурда авариядан улам ,эки буту иштебей калган экен. Балдак менен кирип чыгып, эч кыйналбастан баардык жумуштарды өзү аткарат. Жаш мезгилинде шофёр болуп иштеген экен.
– Ассалому алейкум, деп мен босогону аттадым. Келдибек ака терезеден сыртка көз салып отурган экен.
-Валейкум салам, кел, бача, келегой. Кандай, куатым, кыйналбай эле отурасыңарбы? Бала-чакаң тынчпы? Мал-жан аманбы? Ден-соолугуңар жакшыбы? Кыйынчылык жокпу? – деп астейдил баарын сурайт, менин келгениме кубанып.
-Биз жакшыбыз, куатым, отурабыз кампирим экөөбүз. Жыргал паска (Мургапка) кетти, продукта жана майда-чүйда алып келгени…
– Сен келип мана жакшы кылдың. Гапташип отуруп, чай- пай ичип, анан кетесиң, – дейт жетине албай. – Ээ жакшы, мана жакшы кылдың , мен да аябай зериктим, эч ким жок, келген кеткен да эч ким жок отурабыз.
Дасторкон үстүндө узун сөзгө кирдик.
-Ээ, бача, көптү көрдүк, көп жакшы адамдар өттү Союз учуруда… Оо, ол мезгилде биз жаш кырчындай жигиттер , не деген гана жакшы адамдар менен чогуу иштештик, чогуу жүрдүк, ишти да чогуу кылат эдек, кийикке да чогуу барат эдек, балыкка да чогуу барат эдек. Биздин тушубузда Союз дүркүрөп, оо ана, бача, коммунизмде биз жашадык, ол убактар эми бир өттү кетти да. Кандай гана доорлор өттү, не деген жакшы адамдар өттү, а бача, ээ.
Келдибек ака өткөн доорду, өткөн жаштык күндөрүнү, ошол мезгилдеги чогуу жүргөн адамдарды эстеп, бир аз жашып кетти.
Тамекисин күйгүзүп, улам – улам тартып коет.
Менин көз алдымда баары элестеп, бир кызыктуу кино көрүп отурган сыяктуу болуп отурдум.
Кыялым ушул кишинин тартып жаткан тамекисинин түтүнүн, ошол өзү айтып жаткан СССР мезгилиндеги элес көрүнүштөрдү, ошол мезгилдеги куулук-шумдугу жок, ак-пейил, ак көңүл асыл адамдарды, мага туман сыяктуу күңүрт түскө боёп көрсөткөнсүп жатты.
Ошол доордогу ошол мезгилдеги жакшы адамдар баары-баары биригип алышып, кимгедир, эмнегедир таарынышып, тээ кулак уккус, көз көргүс узак тарапка, кандайдыр бир белгисиз учуучу аппараттар менен кетип калган сыяктуу сезилип жатты.
******
Келдибек ака тамекисин улам-улам тартып сүйлөйт. Кыялымда мен да бийик учуп, көккө көтөрүлдүм. Чар тарапка көз салам.
-Кана? Кана? Эч ким жок, …эч ким!!
Сол жакта Кара-Жылга кыйраган Союздан калган застап (застава). Оң тарапта бир канча чакырымдан соң Союздан калган кыйраган Метеостанция жана эски аскердик бөлүктөрдүн урандылары. Кыйраган имараттар, ураган дубалдар, казылган чукурлар. Ар жерде керексиз темир тезек жана башкалар… Башка эчнерсе көрүнбөйт.
Кыялдарым кыйрагансып жерге түштүм. Жанымда тамекисин улам-улам тартып, эсил кайран СССР менен кошо жакшы күндөрүн, жакшы досторун жана жаштыгын жоготкон Келдибек ака отурду… Эч ким жок. Ээн талаа. Жалгыз тамда мен жана мен жакшы көргөн жакшы адам – Келдибек ака!!!

2021-ж

Бул материалды колдонгондо биздин сайтка шилтеме бергенди унутпаныз: www.janyljusupjan.com
CHAGALDAK Production © 2020 All Rights Reserved.

ABOUT JJ

Janyl, Chukotka

Janyl Jusupjan was born in Kyrgyzstan, and studied literature in Kazakhstan. She worked as a journalist at Radio Free Europe /Radio Liberty, Prague before embarking on independent documentary filmmaking in 2015. Janyl studied film at Cinedoc Formation and Les Ateliers Varan in France. In 2016, her first feature documentary Letters from the Pamirs premiered at Traces de vies in France. Her second feature Prisoner of Wakhan is on an official selection for One World 2023. Atirkül in the Land of Real Men in post-production is her third feature documentary.