Пакистандык кыргыз, аталуу жетим Абдулрахим Кудаяр (сүрөттө оңдон экинчи) 53 жашка чыкканда апасын таап алып, кубанып отурган кези.
Абдулрахимдин англис тилиндеги маегин ушул жердей уга аласыз!
Абдулрахим менен маектин англисчеден котормосу толугу менен:
Жаңыл Жусупжан: Абдулрахим, сиз менен сүйлөшүп жатканыма абдан кубанычтамын!
Абдулрахим Кудаяр: Мен да өтө толкунданып турам! Өмүрүмдө биринчи жолу кыргыз менен сүйлөшүп жатамын. Менин башыма түшкөн мүшкүл зор эле, бирок кудайга шүгүр, азыр бактылуу адаммын. Ал мындай болгон.
Апам атам менен ажырашып, Туркияга кеткенде мен үч жашта, ал эми агам 5те экен. Мен азыр 53кө чыктым. Демек, бул окуя туура 50 жыл мурда болгон!
Апам кетип калгандан кийин, атам анын бардык сүрөттөрүн жок кылып таштаган. Атамдын аты Гуламжан болгон, анын аты Пакистанда Гулам Мохиддин деп өзгөргөн. Апамдын эч кандай сүрөтү болбогондуктан, биздин элесибизде да эч нерсе калган эмес – атам апам менен байланышкан жашоосунун барактарын өзү үчүн да, биз үчүн да биротоло өчүрүп таштаган!
Бирок, 20 жылча мурда АКШдан Ахметжан акем (атамдын иниси) биздикине келгенде, андан апабыз тирүү экенин айткан. Ал биздин апабыз Туркияда жашаарын гана айткан, анткени кайсы шаарда экендигин билген эмес. Измир же Адана болсо керек деп боолгологон.
Ошондон тартып, ошол шаарлардан түрк досторду күтүп, интернеттен издей баштадым. Ар кимден сураштырдым, бирок апамды таба албадым.
Көрсө, апамдын аты өзгөрүп кетиптир да! Анын аты Гүлшан Биби деп жургөм, көрсө бул ысымды ага Пакистанда жүргөн учурда беришкен экен. Анын чыныгы аты Гүлсүн болгон экен да, мен аны кайдан билем…
Менин оюмча, ушул себептен менин түрк досторум аны табалышкан эмес. Мен аябагандай аракет жасадым, бирок апамдын дайнын таба албай койдум.
Көңүлүм чөгүп кетти, апам тирүүбү же жокпу деген ойло жетелендим.
20 жылга созулган майнапсыз издөөлөрдөн кийин балким, ал карып, бизди унутуп деле кангандыр, же балким көзү өтүп кеткендир деп ойлодум.
Бирок, Жаңыл, сиздин жана сиздин “Каратегинден кат” аттуу тасмаңыздын жардамы менен мен апамды таптым! Мунун баары 2019 жылдын декабрь айында болду.
Сиздин тасмаңызды көрүп, мен Ооганстандын Памир тоолорунда, Вахан коридорунда жашаган кыргыздарга болгон кызыгуум ойгонду. Анан алардын башчысы Рахманкул кан болгон экендигин билдим. Ал вахандык кыргыздардын бир бөлүгүн Туркияга баштап кеткен экен. Анын Акбар аттуу уулу бар экен. Ушинтип олтуруп, мен башка адамдарды да тааный баштадым.
Анан Фейсбуктан сиздин аты-жөнүңүздү таап, достошууну сунуштадым. Сиздин досторуңуздун арасында Акбар Кутлу ысымдуу кишини көрдүм. Ал ошол Рахманкул кандын тун уулу болуп чыкты.
Бул өзүнчө бир керемет болду. Акбар Кутлу менин окуямды угуп туруп: “Иним, кыжаалат болбо. Эгерде ал кыргыз экени болсо, Туркияда жашаса, апаңды табабыз!” деди.
ЖЖ: Акбар агай менен урду тилинде сүйлөштүңүзбү? Сиз кыргызча билбейсиз да, туурабы?
АК: Жок, мен кыргызча билбейм. Башкалардын айтымында, апабыз бизге кыргыз тилин үйрөткөн экен. Бирок, атам биз менен эч качан кыргызча сүйлөшчү эмес, жарыктык. Андыктан биздин эне тилибизди караманча билбей калганбыз.
Акбар Кутлу бир аз урдуча, англисче билет экен. Ал киши жаш чагында качкын болуп Пакистанда жүргөн учурда тил үйрөнгөн экен.
ЖЖ: Атаңыз апаңыз менен ажырашкандан кийин башка аялга үйлөндүбү?
AК: Жок, үйлөнгөн жок. Бизди жалгыз эресеге жеткирди. Баардык кыйынчылыкты өзү тартты. Бала дегенде ичкен ашын жерге койгон адам эле.
ЖЖ: Кыргызда силерге окшогондорду энесиз жетим деп коет… Анан атаңыздан да айрылдыңыз?
AК: Ооба, атам каза тапты. Эч кандай тууганың болбосо чет өлкөдө жашоо кандай оор?! Кедейчилик кендирди кессе, андан да кыйын турбайбы. Бирок, баарына чыдадык.
Атам Өзбекистанга кайра кайтсам дегенде эки көзү төрт эле. Ал кыргыз болгон, бирок мекени Өзбекистандын Фергана өрөөнүндөгү Канабат шаары эле. Ал шаарда көптөгөн кыргыздар жашайт.
ЖЖ: Ооба, Канабад Кыргызстан менен чектеш жерде жайгашкан шаар. Фергана өрөөнүндө жүз миңдеген кыргыз бар. Болшевиктер келгенден кийин Фергана Өзбекистан, Кыргызстан жана Тажикистан өлкөлөрүнүн ортосунда бөлүнүп калган. Ошондуктан көп элдер бөлүндү болгон.
АК: Менин чоң атам Абдулкарим Андижанда амин (сот) болгон экен. Ал басмачылар кыймылында катышкан, балким билесиз.
ЖЖ: Албетте. Басмачылар большевиктерге каршы көтөрүлүп, 10 жыл бою согушкан. СССРдин тушунда биз үчүн басмачылар “элдин душманы” болушкан.
AК: Ал учурда согуш аяктап, өкмөт Андижанда мектептерди кура баштаптыр. Менин чоң атам кадимки жашоо сүрүп жүрөт. Бирок, катуу кысым болгон. Бийлик басмачылар кыймылына активдүү катышкан адамдардын сары изине түшкөн.
Чоң атамдын бири шаарда, дагы бири айылда эки үйү болгон экен. Өкмөт бир кишиде бир гана үй болушу керек деген талап коет.
Ошондо чоң атам Канабаддагы айыл жерине көчөт. Көп жерлери болгон экен, буудай, дарбыз өстүрөт. Ошентип, ошол жерде жашап калат.
Бирок бир күнү ылым санаган бир киши келип “бүгүн түнү сени камаганы жатышат” деп айтат. Ал кыжаалат болот, себеби камалган кишилер Сибирге айдалып, 99%ы ошол жакта дайын оту чыкпай жок болуп, бир гана пайызы үйлөрүнө кайтып келчү экен го.
Чоң атам ары ойлонуп, бери ойлонуп, таекеси жашаган Жалал-Абадга бет алат. Кийинчерээк дагы башка жерлерде баш калкалайт. Айтор, көп кыйынчылык көрөт.
Орустар анын артынан түшкөнүн койбойт. Ошентип, Чыгыш Туркестанга, Кашкарга кетүүнү чечет (Кашкар азыр Кытайга караган Синьзянь провинциясындагы шаар).
Ал жакка барып, анан аялдарын алып келүүнү пландаган. Чоң атамдын эки аялы болгон экен. Канабаддагы үйүнө чабарман жиберет. Тонунун ичилигинен жыртып алып, анын бетине аялдарына “Мен Кашкар тараптамын, экөөң тең ушул күнү, чек аранын ушул жерине келип тургула” деп кат жазат. Анын аялдарынын бири ушундай эле жол менен ага жооп кайтарат. Ал аял сабаттуу болгон.
Чоң энемдердин бири Канабатта калып калыптыр. «Мен карыдым, бара албаймын. Тоорлордо жол жүрүү оор болот » деген экен.
Ошентип, кайсы күн, кайсы ай, качан алар Өзбекистандан чыгып кетиши керектиги баары жашыруун такталат. Бул план жөнүндө эч ким билбеши керек эле.
Ошентип, кичүү чоң энем эки уулу менен Кашкарга барат. Балдардын бирөөсү менин атам эле. Ал кезде менин атам 10 жашта, ал эми менин байкем Ахматжан жаңыдан там-туң баскан кези экен.
ЖЖ: Ош тараптан Кытайга өтүүчү Иркештам ашуусунан кыйналышса керек да?
АК: Тоо-таштан, өзөн-суудан кечип өтүү кыйын болгон, анткени алар суу кирип турган жай мезгилнде качышкан. Ошондуктан тоо тарапта көпкө туруп калышат. Чоң атам буудай, күрүч, ун издеп чыккан учурлар болуптур. Ал мезгилде дүкөн деген жок эле да.
Кыйналып Кашкарга жеткенде, тоодон казактар келип, кытайга кол салат. Ал жерде да уруш башталып кетет!
Ошо мезгилде кытайлар Кашкарды кайра басып алышат. Кытай өкмөтү Үрүмчү, Кашкардан бүт чет өлкөлүктөрдүн чыгып кетүүсүн талап кылат. Ошентип, чоң атам кайра жолго аттанат.
Ошол себептен, Пакистандын Гималай кырка тоолоруна келип калат. Ал кезде Пакистан Индиядан өзүнчө бөлүнө элек кез (Пакистан Индиядан 1947-жылы өз алдынчалык алган). Ошентип, 4-5 миң метр келген Хиндикуштун ашууларынан өтүп, индус-британ өкмөтү башкарган аймактарга барат.
Ошентип, ал Андижандан Жалал-Абадка, андан ары Кашкарга, анан Пакистандагы Гилгит шаарына, андан ары Чатрал (Гилгит, Чатрал Пакистандын Вахан коридору тараптагы шаарлары) деген жерлерге кеткен.
ЖЖ: Чоң ата жана чоң энеңиз Пакистанга кетет. Атаңыз иниси менен ошол жакта чоңоюшат. Алардын жашоосу кандай болгон?
АК: Аны сурабай эле коюңуз! Канчалык оор болгондугун элестете да албайсыз!
Башында Гилгитте жашоо аябай жакшы болгон. Чоң атам молдо болгон экен. Гилгиттин башчысына Куран үйрөтүптүр. Үйлүү болуп, жакшы жашашат.
Бирок, бир нече жылдан кийин ал каза болот. Сөөгү ошол жерде калат. Чоң энем эки бала менен жесир калат. Жесирликтин азабын аябай тартат. Бирок эптеп оокат кылып кетет. Анын сыры мында эле.
Чоң энемдин Андижандан ала келген тигүүчү машинеси болгон экен. Машине “Зингер” аталып, Германиядан алынып келинген экен. Ал мезгилде ал тарапта, айрыкча Гилгитте тигүүчү машинени көрүшкөн эмес экен. Гилгиттин байларынын катын-калач, кыз-келиндери кийимдерди колго тиктиришчү экен. Ошентип чоң энем Гилгиттин аялдарына кийим тиге баштайт.
Атам иниси экөө Чатралга да өтүп барышат. Атам Ооганстандын Вахан коридорунда кыргыздар бар экендигин угуп, аларга барып учурашат.
Апамды ошол жерде жолуктурганбы, айтор, анан алар баш кошушкан. Азыр апамдын айтымында, алар Исламабадка жакын жерде – Равалпиндиде үйлөнүшкөн.
ЖЖ: Ошондо сиздин апаңыз Ооганстандагы вакхандык кыргыдардын кызы болуп калабы?
АК: Алар Кыргызстандан болгон экен. Бирок Кыргызстан Орусиянын курамына киргенден кийин Вакханга көчүп кетишкен. Андан ары алар Чатралга же Исламабадга бет алышкан.
Алардын окуясы атам менен чоң атамдын окуясына эле окшош – алар Өзбекистандан көчүшкөн, апамдын ата-энеси Кыргызстандан кетишкен.
Анан алар Исламабад тарапта жолугушуп, баш кошушкан. 5-6 жыл чогуу жашагандан кийин, оту күйүшпөй, ажырашып кетишкен. Апам аябай жаш болгон, атама 15 жашында турмушка чыккан экен.
Жашоо шарттары кыйын болгон. Апамдын Туркияга кеткен эжелери болгон экен. Ал мезгилде Туркия өкмөтү демилге көтөрүп, борборазиялык мигранттарды кабыл ала баштаган. Ошол себептен алар Туркияга көчүп кетишкен. Пакистанда 10 миңдей борбоазиялык болсо, ошолордун баары тең Туркияга көчүп кетишкен. Алардын арасында менин апам жана анын үй-бүлөөсү да болгон экен.
ЖЖ: Ал кез 1960-жылдар Ооганстанда Шахтын мезгили болчу да, бул СССР кол сала экентеги окуялар, туурабы?
АК: Ооба, менин оюмча 1950-жылдар болгон, Туркияга борборазиялык элдер чакан топтор менен көчүп кетип жатышкан мезгил эле.
ЖЖ: Ошентип, апаңыз Туркияга кетип калат, атаңыз Пакистанда калып, силерди жалгыз өстүргөн турбайбы. Балалык чагыңыз кандай өттү? Менин оюмча, сиз жогорку билим ала алдыңыз!
АК: Ооба, мен Карачи университетинде окудум. Абдан оор мезгил болчу. Бирок, жалгыз бой атанын колунда өсүүнүн артыкчылыктары да бар болчу.
Бир жагынан, бизде толук эркиндик бар эле. Биз менен эч кимдин иши болгон эмес, өз билгенибизди жасачубуз.
Атамдын жумуштан колу бошобойт эле. Анын кичинекей тери иштетүү бизнеси болчу. Ал жумушта, биз каалаганыбыздай ээн-эркин элек.
Экинчи жагынан, биздин туугандарыбыз такыр жок эле. Эже-карындаш, апабыз болгон эмес. Өзүбүз тамак жасап жеп, өзүбүз окууга барчубуз.
Мен 10го чыкканда, атам катуу ооруп калды. Рак оорусуна чалдыккан экен, жүрөгү да ооручу. Ошентип иштен калды. Агам экөөбүз окуп жүрүп иштөөгө да мажбур болдук. Мен сабак бере баштадым, ошентип магистратураны бүтүрө албай калдым. Университетти бакалавриаттан кийин таштап, нан табууга мажбур болдум.
Ал аябай оор күндөр эле. Карачиде башаламандыктар, саясий чыгуулар, жардыруулар улам-улам болуп турчу. Биз жашаган район өзгөчө тынчы жок эле.
Эптеп жан сактап калдык, эми болсо жашоо жакшы.
ЖЖ: Сиз энесиз чоңойдуңуз. Андан кийин атаңыз каза болду. Ошондо да энеңиз тирүү экендигин билген жок белеңиз?
АК: Атамдын көзү өтө электе Ахматжан агам биздикине келген. Ал Туркияга көчүп барып, андан ары АКШна кеткен. Ошол жакта көз жумду.
Биздикине эки жолу келген. Биринчи жолу 1972-1973-жылдары, экинчи жолу 1990-жылдардын башында келген. Ошондо апамдын тирүү экендигин айткан. Ал учурда атамдын көзү бар эле, бирок ал-кубаты кетип калган, бир нече жылдардан кийин өтүп кетти.
ЖЖ: Атаңыз тирүү кезинде апаңыз тууралуу сүйлөшө алдыңызбы?
АК: Ал мындай болгон. Башынан эле апам жөнүндө кеп кылууга болбойт эле. Бул айтылбаган эреже болчу.
Ошол тыйуу болгондуктан, биз апам жөнүндө атабыздан эч качан эч нерсе сураган эмеспиз. Кандай адам эле, келбети кандай эле, атам бизге апам тууралуу эч нерсе айткан эмес. Биз да сураганга батына албайт элек.
ЖЖ: 2019-жылдын декабрь айында апаңыздын дарегин билгенден кийин сиз ал кишиге телефон чалыпсыз. Сиз кыргызча сүйлөй албайсыз да. Ал киши урду тилин билгендиктен сиздер маектеше алдыңыздар да, туурабы?
АК: Ооба, эң туура айтып жатасыз. Ал урду тилин билбегенде биз сүйлөшө алмак эмеспиз. Апам аябай акылдуу, кыргыз, түрк жана урду тилдерине кошумча дагы Пакистандагы жашаган майда улуттардын тилдерин билет. Бирок, англисче билбейт. Бир уулу, бир кызы менен Стамбулда турат.
Мен чалганда, ал мага ишенген жок. Биз тууралуу башка адамдар ар түрдүү сөздөрдү айткан экен. Бирөөлөр бизди АКШга агасына кеткен дешсе, башкалар бизди эчак эле өлгөн деп айтышыптыр.
Ошондуктан, ал киши бирөө тамашалап жатат го деп ойлоптур. Бирок, бул тамаша эмес, чындык экенин билген соң, сүйлөшүп баштадык. Азыр ал да, мен да бактылуубуз!
ЖЖ: Биринчи атаңыздан, анан агаңыздан, кийин иниңизден айрылган экенсиз. Сиздин бала-чакаңыз бар, бирок алардан башка туугандарыңыз жок, мындайча айтканда тоголок жетим болчусуз. Эми минтип апаңызды, бир туугандарыңызды таап олтурасыз. Бай болуп эле жатып калган турбайсызбы!?
АК: Ооба, апалуу, ини-карындаштуу болуп олтурамын. Мен эң жолдуу кишимин! Ошентип ойлойм. Жаратканга миң мертебе ыраазымын! Сизге да абдан ыраазымын!
ЖЖ: Мен мунун баарын эми билип отурам, бирок тасмамдын жардамы тийгендигине да аябай бактылуумун. Түшүнүгүмчө, эми силер жолугат турбайсынарбы? Апаңыз Карачиге келеби?
АК: Ооба, биз жолугушууну пландап жатабыз. Апам жана карындашым Карачиге келишет. Карындашым Стамбулдун аэропортунда иштейт, дем алыш мөөнөтү азыраак экен, ошондуктан 10 күнгө эле келишет. Карачиде кыш абдан мелүүн, ал эми Стамбулда кыш катуу. Анан мен үй-бүлөөм менен алардыкына июн, июлдарда барабыз. Алардын айтымынды, Стамбулга жайда барган жакшы.
Азыр күн сайын апам менен телефондон 2-3 сааттан сүйлөшүп турам. Сөзүбүз бүтпөйт!
МАЕКТИН СОҢУ
Абдулрахимдин маегинин орусчасын толугу менен бул жерден окуй аласыз.